Сауд Арабиянын инвесторлору кыргыз жеринде айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу инвесторлор 18-августта биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушууда билдиришти. Дүйнөлүк масштабдагы ири соода борборун, кичи район жана бизнес-борбор куруу долбоору менен тааныштырышты.
Аталган өлкөнүн өкүлү Штай Тамими Хайдер Мусблах Салмандын билдиришинче, инфраструктуралык долбоордун жалпы суммасы 200 миллион долларды түзөт. "Бишкектин түштүк тарабында курулушка 25 гектар жер аныкталды. Биз жүргүзгөн анализ Бишкекте дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуралык объект жок экенин көрсөттү. Сунушталган долбоор ишке ашса, Сауд Арабиядан кыргыз жерине башка инвесторлорду тартууга зор түрткү берет",- деди инвестор.