Мелис Мырзакматовдун сот иши боюнча жактоочулары маалымат жыйын өткөрүшөт

Бүгүн, 19-августта Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун сот иши боюнча анын жактоочулары Тимур Тубеев менен Чынара Жакупбекова Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшөт. 17-август күнү Мырзакматовдун тарапташтары Ош облустук сотунун алдында чогулушуп, соттун адилет чечим чыгаруусун талап кылышкан. Облустук сот ал күнү шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. 
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталууда. Мырзакматов "Ата Мекенден" парламенттик шайлоого аттанчу алдынкы талапкерлердин бири. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан