Өкмөт башчы Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракет көрүү тапшырмасын берди

Өкмөт башчы Темир Сариев Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракет көрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министрдин тапшырмасы боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге жөнөп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 500дөн ашык өрт өчүрүү кызматкери тартылган. Бүгүн кошумча түрдө 223 кызматкер тартылды. Ошондой эле Токтогул райондук мамлекеттик администрация жетекчилигине өрттү өчүрүүгө жергиликтүү калкты мобилизациялоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, өрт чыккан жер тоолуу аймак болгондуктан, ал жакка атайын техниканы жеткирүү кыйын болууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коңшулаш өлкөлөргө өрт өчүрүүчү тик учак боюнча көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Чычкан капчыгайындагы өрт айрым адамдардын кайдыгер мамилесинен келип чыккандыгын эскертип, бардык жарандарга табияты сактоого жана ага этият мамиле кылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан