Дамира Ниязалиева Нарындагы мектептердин курулушу менен таанышты

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева курулуп жаткан социалдык мекемелердин абалын көрүү үчүн бүгүн, 19-августта Нарын облусуна келди. Кочкор районуна караштуу Ак-Жар жана Шамшы айылдарында болуп, мектептердин курулушу менен таанышты. Аталган айылдарда 250 окуучуга ылайыкталып курулуп жаткан мектептер быйыл 1-ноябрда ишке кирери айтылды. Курулуш иштери өз убагында бүтпөсө, тийиштүү адамдар катуу жазаланарын айткан Ниязалиева: "Курулуш иштеринде сапат, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайыктуулугу маанилүү. Анан спорттук залы жана ашканасы болушу шарт. Бир сөз менен айтканда, мектеп замандын бардык талаптарына жооп бериши кажет",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан