Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 7 айда 385 миллион 900 миң сом берилди

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттар 2015-жылдын 7 айында 385 миллион 900 миң сомду түздү. Июль айында берилген каражат 168 миллион 900 миң сомду түздү. Каржы министрлиги бүгүн, 19-августта 2015-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар 230 миллион сом суммасында каралганын билдирди. 

Маалымат үчүн:

Өз ара эсептешүүлөр боюнча бир бюджеттен экинчи бюджетке өткөрүлүп берилчү каражаттар төмөнкү учурларда каралат:

1) (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын кошпогондо) ченемдик-укуктук актылар (аларга ылайык, кирешелер көбөйөт, же жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары көбөйөт, же кирешелери азаят) кабыл алынган учурда тийиштүү суммалардын орду республикалык бюджеттен толукталат, ал эми жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары азайган же көбөйгөн учурда тийиштүү суммалар республикалык бюджеттен алынат;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик бюджетти түзүүдө негиз катарында пайдаланылуучу бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунан айырмаланып турган, Кыргыз Республикасынын экономикасында болуп жаткан өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштар, тейлөө кызматтары), баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын темптеринин өзгөрүшүн алып келген жалпы мамлекеттик салык жана башка кирешелердин контингенти боюнча көрсөткүчтөрдү тактоо менен байланышкан өз ара эсеп-кысаптарга квартал аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирбей тактоо киргизүүгө укуктуу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан