12-август күнү Чоң-Алай райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Сары-Таш - Кара-Мык унаа жолунан Тажикстандын 1971-жылы туулган Л.А. аттуу тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 20-августта билдирди.
Ауди С4 унаасын текшерүүгө алганда унаанын арткы орундугунан 41 килограмм 875 грамм гашиш табылган. Алынган маңзат текшерүү үчүн химиялык экспертизага жиберилип, кармалган адам Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканы айтылды.