Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн тик учак 4 каттам менен суу чачты

Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн Казакстан Республикасынан келген МИ-26Т үлгүсүндөгү тик учак менен саат 18:00дөн баштап 19:30га чейин 4 каттам суу ташылды. Жалпы 40 тонна суу чачылып, караңгы киргенине байланыштуу өрт өчүрүү иштери токтотулду. Өрт өчүрүү иштери эртең саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 20-августта билдирди.

Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында 13-августтан бери кургак чөп жана бадалдар өрттөнгөн. Ошондон бери өрттү өчүрүү иштери улантылууда.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurik91
2015-08-20 23:18:37
Эмне Кыргызстанда жокпу орт очуро турган техникалар
+5
beka1207
2015-08-21 00:40:33
nurik91, жок
0
kirgizstan
2015-08-20 23:53:01
Кандай орт болду экен эки кундо очуруп бутпогон.тутун каптап кетсе керек.батыраак кыймылдап очурсолор болот. Бизде жок дегенде жетиштуу пожарный машиналар барбы деги
0
Sake80
2015-08-21 08:48:15
kirgizstan, Элестет чычкандын тоосунда пожарный машина жургонун.Кичине ойлонуп жазатда
+2
Ronaldo
2015-08-21 00:55:50
Азырынча токтоп эртен саат 6:00 до баштаганынарча орт куйбой силерди кутуп турабы кызыксынар го))
+3
novayariga
2015-08-21 01:48:50
Ronaldo, сен Супер Инфону урушуп жатасын го:-D
+1
Decmond
2015-08-21 03:33:56
Ronaldo,))))) орт экен го алар дагы)))))
+1
Patriot...kg
2015-08-21 07:46:16
Кээче кордум. Укмуш чон орт экен. Ал жака техника чыга албайт
-1
ere
2015-08-21 10:03:29
жамгыр нөшорлоп салып очурбосо очпойтко бул кепетесинде и өчуро да албайт аны
0
aibo_85
2015-08-21 11:04:01
МЧС колдон келишинче аракет кылып жатат.
+1
bazar
2015-08-21 14:13:48
Канчалаган карагай арчалар күйүп кетти экен ...
0
Nur.88
2015-08-21 23:00:50
Биз жакта бир сарай ортонгон анан пожарный чакырышкан эле пожарный келип каеринерде канал бар суу алышыбыз керек деп журот анан алар суу толтуруп келгиче элдин кучу менен ортту очуруп жанындагы уйун сактап калышкан. Пожарныйлар келип очкон жерге эле суусун чачып кайра кетишкен эле уят да ушинтип турса, чондор не кылып отурат ушундай иштерге конул болуп алдын алып баарына даяр болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан