Сузак районунда "күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты" делген келиндин өлүмү боюнча иликтөө токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, иликтөөнүн токтотулушуна экинчи тараптын (маркумдун жакындары) тосмо арыз жазганы себеп болгон.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Үч-Малай айылында Жазгүл Каленованын жансыз денеси асылган абалда табылган. Интернетке жарыяланган видеодо маркумдун жакындары “Жазгүл Каленова күйөөсү Азамат Бечеловдун ур-токмогунан улам каза тапты” дешкен. Ал эми Азамат Бечелов бул дооматты четке кагып, ал күнү ага кол көтөрбөгөнүн айткан.