Бишкекте шаар тургунун коркутуп, 4500 доллар талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-август күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар коркутуп, 4500 доллар талап кылышканын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Т.Нургазы, 34 жаштагы И.Мелис, 28 жаштагы А.Эмирбек кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.