Лейлек районунун Андарак айылында сел жүрүп, 2 турак үйдү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 28-август күнү саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен тоого жакын жайгашкан эки турак үйдү сел каптаган. Учурда райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.