Бишкекте таксистти жүрөккө отвёртка менен сайып өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу 4-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 26-август күнү Бишкектеги Туңгуч кичи районундагы аялдамалардын биринде саат 09:00 чамасында 36 жаштагы М.А. аттуу жаран кардар күтүп турганда 30 жаштагы жаран унаасы менен келип, кезек күтпөй эле кардар менен макулдашып алып, аны салып кетип калган. Кайра келип дагы башка кардар менен макулдашып, салып кетүүгө аракет кылып жатканда М.А. аттуу жаран ага түшүндүрүүгө аракет кылып жанына сүйлөшүүгө барган. Бирок экөө уруша кетип, ал 36 жаштагы М.А. аттуу жарандын жүрөгүнө отвёртка менен сайып жиберип качып кеткен. Башка такситтер “Тез жардамга” жана милицияга кабар берип, аларды окуя болгон жерге чакырышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан бул боюнча кылмыш иши ачылып, издөө иштеринин натыйжасында адам өлтүргөн жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Ал күнөөнү моюнуна алып, милицияга көрсөтмө берди. Учурда ал №1-СИЗОго камакка алынды.