2015-жылдын 7-сентябрында Усубалиев Турдакун Усубалиевич биздин арабыздан кетти. Кыргыз элинин тарыхындагы социализм доорунун символу болгон бул залкар инсандын жарык дүйнөдөн өтүшү менен жаркын келечек - коммунизм үчүн күрөшкөн бүтүндөй бир муун менен элибиз коштошуп жатат. Ильич шамын ар бир үйгө жаркыратып, ГЭСтерди, шаарларды, жолдорду куруп, классикалык жана улуттук маданиятты өркүндөтүп, бакубат жашоонун жаңы деңгээлине өткөн заманда өлкөнү чейрек кылым башкарган инсандын иши тарыхыбыздын бир бөлүгү катары кылымдарга алтын тамгалар менен жазылып кала берет.
Өткөн заманда гана эмес, жаңы заманда дагы Турдакун Усубалиевичтин саясатчы катары потенциалы эң жогорку деңгээлде, эл аралык майданда элибиздин кызыкчылыгын коргоого жетиштүү экени анын парламенттеги ишмердигинде даана көрүндү.
Турдакун Усубалиевичтин жаркын элеси жүрөктөрдө сакталат. Анын өмүр жолу өлкөбүздүн жарандарына, ар бир мекенчил адамга үлгү болот. Бул оор жоготууга биз терең кайгыруу менен жакындарына, жалпы эле журтубузга көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
«Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын атынан: Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Марат Султанов, Исхак Пирматов, Нурбек Мурашев, Абдыжапар Бекматов, Бакирдин Субанбеков, Кубанычбек Жумалиев, Досалы Эсеналиев, Улугбек Ормонов, Мамасадык Бакиров, Аманкул Токтомамбетов, Айбек Монолов, Адылбек Эсенбеков.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.