"Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо демократиялык жана легитимдүү болуп эсептелбейт". Мындай пикирин бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо коомдук ишмер Эрнест Карыбеков билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышын шайлоо ички жана эл аралык стандарттын бузулушу менен өткөнү жатат.
"Мисалы, учурда жарандар депутаттыкка талапкерлерди эмес, партияларды тандап жатышат. Бул туура эмес. Ошондой эле мамлекет үчүн маанилүү шайлоолор Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизилгенден кийин бир жылдан соң өткөрүлүшү зарыл. Бизде болсо Конституцияга өзгөрүүлөр быйылкы жылдын 23-апрелинде киргизилген. Биздин оюбузча, шайлоо эски систем менен өтүшү керек",- дейт Карыбеков.