Шайлоо-2015. "Бир бол" Таласта: "Илбирс секириги" программасын ишке ашырууда 70 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт"

8-сентябрда Талас шаардык стадионунда облустун жашоочулары “Бир бол” партиясынын лидерлери менен жолугушууга чогулушту. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, Мыктыбек Абдылдаев жылуу маанай менен тосуп алган таластыктарга ыраазычылык билдирди. 
“Талас жергесинде үгүттөө иштери башкача жүрүп жатыптыр, башка аймактарга барсак, административдик ресурс, бут тосмойлор байкалууда. Ал эми Таласта үгүт иштери такыр башкача жүрүп жатыптыр. Талас элинин духу башкача экен, “эч кимди укпайбыз, каалаганыбызды жасайбыз” деген сөздөрдү угуп кубанып турам”,- деди Абдылдаев. 

Партиянын “Илбирс секириги” экономикалык программасында өлкөбүздүн бардык райондорунун тургундарын жумуш менен камсыздоо керектиги, Балыкчы, Баткен, Исфана, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кочкор, Нарын, Талас, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында өнүгүүнүн регионалдык экономикалык өндүрүштүк борборлорун түзүү зарыл деп жазылганын кошумчалады.

Парламент депутаттыгына талапкер Сүйөркул Бакиров "Туризм", "Көмүр" улуттук долбоорлорунун, "Эгин", "Шекер", "Эт", "Май", "Жүгөрү", "Сүт" сыяктуу айыл чарба кластерлеринин алкагында жаңыдан 70 миң жаңы жумуш орундары түзүлө тургандыгын белгиледи. Анын сөзү боюнча, партиянын программасында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө эл аралык рынокторго чыгуу үчүн айыл чарба өндүрүшүн ирилештирүү жана заманбап агрардык өнөр жай комплекстерин түзүү каралган. 

“Бул комплекстер жашылча-жемиш, мал чарба продукциясын заманбап сактоочу жайларды түзө алат, продукцияны кайра иштетүүдө эл аралык сапатты текшерүү системин киргизүү, экспорттоодо “жашыл коридор” режимин камсыз кылат”,- деди Бакиров.

Марат Султанов партиянын программасында бардык маселелер камтылганын айтып, аны ишке ашырууга тажрыйба жетиштүү, элге кызмат кылууга “Бир болдун” профессионалдар командасы даяр экенин билдирди.

“Манас атабыз чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, кыргызды бириктирген. Ошондуктан “Бир бол” партиясы да кыргыз элин биримдикке чакырат: бар бололу, бир бололу! Биз бир болуп ынтымакта болсок, бизди эч ким жеңе албайт. Баарыбыз биргеликте Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн күрөшсөк, өлкөбүздүн жаркын келечегин курабыз!”- деп билдирди Султанов.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан