"Биометрикалык маалыматын тапшырбаган 1 миллиондон ашык жаран шайлоого катышпайт" дейт коомдук ишмер

"Биометрикалык маалыматын тапшырбаган 1 миллиондон ашык жаран шайлоого катышпайт". Мындай пикирин бүгүн, 9-сентябрда тегерек столдун жүрүшүндө коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди. Анын айтымында, 15-августка карата 3,7 миллион жарандын 2,6 миллиону гана биометрикалык маалыматын тапшырган. 
"Башкача айтканда, шайлоочулардын 30 пайызы биометрикалык маалыматын тапшыра элек. Өкмөт биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар чет өлкөгө чыга албай турганын айтып келүүдө. Жарандардын 20-30 пайызынын шайлоого катышпаганы өз учурунда бейөкмөт уюмдар тарабынан парламенттик шайлоонун легитимдүү эместигин айтуусуна алып келет",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан