Орусияда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу талкууланды

Кыргыз мамлекетинин премьер-министри Темир Сариев менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 8-сентябрда жолугушуп, ЕАЭБге кирген кыргыз өлкөсү менен кызматташуунун келечеги талкууланды.
Сариев: "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришине тийиштүү документтерди ратификациялоодо колдоо көрсөткөнү үчүн Орусия өкмөтүнө ыраазычылык билдирем. Биз Орусия менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга кызыкдарбыз",- деп билдирсе, Орусиянын өкмөт башчысы эки мамлекеттин жетекчилигинин тез-тезден жолугуп турушу көйгөйлөрдү өз учурунда чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна байланышкан маселелерди да талкуулашканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан