"2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда "Кумтөрдөн" алынчу дүң кирешеге салыктын суммасы 5 миллиард 363 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда. Бул ишканадан салыктык түшүүлөрдүн эсеп-кысабы 2016-2018-жылдарга "Кумтөрдүн" өндүрүшүнүн болжолдонгон көлөмдөрүнүн негизинде, "Кумтөр" боюнча макулдашууда белгиленген дүң кирешенин 13 пайыздык ченинде жүргүзүлгөн. Салыктын бул түрү боюнча түшүүлөр толугу менен республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш",- деп билдирет министрлик.