Парламенттик шайлоого аттанган 14 партия учурда үгүт иштери менен алек, баары жарышта жеңүүчү болуу аракетинде. "Эгерде парламенттик шайлоодо 14 партиянын бири да жеңүүчү болбой, "Баарына каршы" деген пункт 1-орунду алып калса эмне болот?" деген суроо менен SUPER.KG Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Шайлоо кодексине ылайык, анда 30 күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүлүшү керек. Бирок экинчи жолку шайлоого мурунку шайлоодо өтпөй калган партиялар, алардын тизмесиндеги талапкерлер катыша алары же катыша албастыгы боюнча БШКнын өкүлдөрү так жооп айта алышпады.
Эгерде биринчи шайлоодо өтпөй калган партиялар кийинки шайлоого катыша албай турган болсо, анда партиялардын тизмесиндеги талапкерлер башка партиялардын курамына кирип, кайра шайлоого катышышат. Ал эми шайлоодо өтпөй калган партиялардын талапкерлери да экинчи шайлоого катыша албай турган болсо, анда чынында эле саясий айдыңда болуп көрбөгөндөй жаңылануу болот.