"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында кечээ, 8-сентябрда эртең мененки саат 08:00 чамасында 1-класста окуган баланы унаа сүзүп, ал ооруканада көз жумду. Бүгүн кырсыктын алдын алуу үчүн мектеп окуучулары сабактан чыккандан кийин жолду унаалар үчүн жаап турушту. Кырсык болгон жерде жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол бар. Ага карабай айдоочулар катуу ылдамдык менен өтүшөт. МАИ кызматкерлери жок болгон учурда биз жолдон өтө албай, көп убакыт күтүп калабыз. Жол чырак же жер алдына өтмөк курулары айтылууда".Бул тууралуу 9
-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков жол кырсыгы боюнча фактыны ырастады. Ошондой эле Чоң-Алай районунда жол кырсыгы катталып, анда да 1-класстын окуучусу каза тапканын кошумчалады.