Кыргыз мамлекетинин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү 8-сентябрда Кыргыз Республикасы менен Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол койду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүү менен, дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясынын жобосуна ылайык, элчиликтердин деңгээлинде дипломатиялык мамиле түзүлөрү айтылат маалыматта. "Тараптар түзүлгөн дипломатиялык байланыш эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө жана жалпы тынчтыкты бекемдээрине ишеним артышат",- деп билдирди ТИМ.