Каржы министринин орун басары болуп Улукбек Кармышаков дайындалды. Аны министрликтин жамааты менен министр Адылбек Касымалиев бүгүн, 9-сентябрда тааныштырганын мекеменин маалымат кызматы билдирди. Улукбек Кармышаковду аталган кызматка дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев 8-сентябрда кол койгон.
Айта кетсек, Кармышаков - Каржы-экономика кызматынын отличниги, мамлекеттик кызматтын I даражадагы кеңешчиси.