Путин менен Порошенко 2-октябрда Парижде жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Украинанын президенти Пётр Порошенко 9-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүштү. Орусия президентинин аппаратынын билдиришинче, лидерлер 2-октябрда Парижде өтүүчү жолугушууну, Берлинде 12-сентябрда өтүүчү "Нормандия төрттүгүндөгү" өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун шарттарын макулдашты. 
Президенттер Украинага Орусиядан газ жеткирүү жана Донбасста ок атышууну токтотуу, Украинада конституциялык реформа жасап Донбасска өзгөчө статус берүү, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү жана мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алуу тууралуу да пикир алышканы айтылды. "Путин Киев бийлиги жана Украинанын түштүк-чыгышынын өкүлдөрү менен толук кандуу түз диалог уюштуруу зарылдыгына бул жолу да басым жасады",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан