Кыргыз жоокерлери Орусияда "Өз ара аракеттенишүү-2015" машыгуусуна катышууда

Кыргыз мамлекетинин жоокерлери Орусияда "Өз ара аракеттенишүү-2015" машыгуусуна катышууда. Коргоо министрлигинин билдиришинче, кыргыз өлкөсүнүн 50дөй жоокери куралдуу кагылышууну токтотуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, маанилүү стратегиялык объекттерди, курал-жарактарды, аскер техникаларын кайтаруу боюнча күчүн көрсөтүштү. Машыгууга Орусиядан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Тажикстандан 4 миңдей жоокер катышып жатканы айтылат маалыматта. Машыгуу бүгүн, 10-сентябрда жыйынтыкталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан