"Түндүк электр" ишканасынын абоненттери 5 айда 95 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү. Ишкананын маалымат кызматынын билдиришинче, абоненттер быйылкы жылдын апрель-август айларында 1,5 миллиард киловатт-саат электр жарыгын пайдаланышты.
Талас облусу пландагы 105,7 миллион киловаттын ордуна 95,9 миллион киловатт электр энергиясын пайдаланса, Чүй облусу 701,2 миллион киловаттын ордуна 671 киловатт, Бишкек шаары 798,4 миллион киловаттын ордуна 743,5 миллион киловатт электр кубатын пайдаланганы айтылды.
"Талас облусу электр жарыгын 9,3 пайызга, Чүй облусу 4,3 пайызга, Бишкек шаары 6,9 пайызга үнөмдөштү",- деп билдирет мекеме.