Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-сентябрда парламент депутаттарына, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматкерлерге жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыктарын тапшырды.
Парламенттин маалымат кызматы, сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата өткөрүлгөнүн белгилейт.
Сыйлык алгандардын катарында Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, И.Арабаев атындагы КМУнун Лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана башкалар болушту.