Нарын шаарында СДПКнын лидерлери Чыныбай Турсунбеков жана Асылбек Жээнбековдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болду. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда партиянын саясий платформасын тааныштыруу аземи өттү. Тургундар СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алышканы, иш-чара 3D форматындагы жагымдуу концерт менен аяктаганы айтылды. Мындай концерт бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтөрү белгилүү болду.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.