Интернеттеги добуш берүүнүн азыркы көрсөткүчү "Ата Мекен", "Республика - Ата Журт", КСДПнын жеңүүчү болорун болжолдоодо

Парламенттик шайлоо алдында мамлекетибиздеги эң алдынкы онлайн булактар SUPER.KG, Акипресс жана Дизель "Шайлоодо кайсы партияга добуш бересиз? деген сурамжылоо жүргүзө баштады. Шайлоодо жалпы шайлоочулардын 7 пайыздан ашыгынын добушун алган партия парламентке өтөрүн эске алганда, онлайн сурамжылоонун азыркы учурдагы (10-сентябрь, саат 14:20га карата) көрсөткүчү менен 6 партия алдыда келе жатат. Башкача айтканда, 6 партия берилген добуштардын санына жараша 7 пайыздык чекти басып өтүштү. Алар:
SUPER.KG`де (Кыргызстан боюнча алынган жыйынтык)
"Баарына каршы" пункту - 21,0 пайыз
"Ата Мекен" - 17,0 пайыз
КСДП - 15,0 пайыз
"Республика - Ата Журт" - 14,0 пайыз
"Добуш берүүгө катышпайм" пункту - 10,0 пайыз
"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" - 7,0 пайыз
"Кыргызстан" - 7,0 пайыз. 
Акипрессте (Кыргызстан боюнча алынган жыйынтык)
"Ата Мекен" - 15,3 пайыз
КСДП - 15,0 пайыз
"Баарына каршы" пункту - 13,1 пайыз
"Республика - Ата Журт" - 12,0 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" - 11,4 пайыз
"Бир бол" - 9,8 пайыз
Дизелде 
"Республика - Ата Журт" - 22,99 пайыз
"Ата Мекен" - 15,63 пайыз
"Бир бол" - 11,03 пайыз
"Баарына каршы" пункту - 8,97 пайыз
КСДП - 7,59 пайыз
"Кыргызстан" - 7,13 пайыз
"Шайлоого барбайм" пункту - 7,13 пайыз 
Белгилей кетүүчү жагдай, добуш берүү улантылып жатат. Көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн, онлайн добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турабыз. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан