Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт кампаниясында Ички иштер министрлигинин иши тууралуу жалган маалымат айткан талапкерлер болууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирүү жасады.
Министрлик талапкерлердин бири "Эгерде жол-кайгуул кызматкерлери жыйналган айып пулдун баарын бюджетке төгүшсө, сумма азыркыдан кыйла жогору болмок. Жылына 1 миллиард сом түшмөк" деп айтканын айыптап, мындай жалган маалымат айтуунун максаты үгүт иштери учурунда талапкердин өзүнүн имиджин көтөрүү экенин белгилейт. "Буга байланыштуу үгүт кампаниясы учурунда милицияны өзүнүн саясий оюндарына аралаштырбоого жана ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын аброюна шек келтирүүчү сөздөрдү айтуудан абайлоого бардык талапкерлерди чакырабыз",- деп билдирет ИИМ.