Кыргыз-казак чек арасын абадан биргелешип кайтаруу макулдашылды

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 9-сентябрда Алматыда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Чек ара кызматынын директору Дархан Дилманов менен жолугушту. Тараптар чек ара мекемелеринин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, заманбап коркунучтарга биргелешип чара көрүү тууралуу пикир алышып, жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын абадан биргеликте көзөмөлдөөнү макулдашканы айтылды.  
Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, 2016-жылдын биринчи жарымында биргелешкен машыгуу өткөрүү, аймактык деңгээлде байланышты жандантуу, Казакстандын окуу жайларынан кыргыз Чек ара кызматынын кадрларын акысыз окутуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. "Жолугушууда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу менен кыргыз-казак чек арасын кайтаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет",- деди Дүйшөнбиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан