Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Назира Ахмедова Темир Сариев өткөргөн жыйынга журналисттерди киргизбей койду

Бүгүн, 10-сентябрда өкмөттө премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилиги менен өтүүчү Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына көпчүлүк журналисттерди киргизбей коюшту. Саат 15:30да баштала турган жыйынга журналисттер 15:25те барышкан. Бирок Сариевдин жыйындар залына эртерээк кирип кеткенин айткан өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова "өкмөт башчы сүйлөп жатканда топурап киргениңер болбойт" деп журналисттерди киргизбей койду. Бирок 3 телеоператорго кирүүгө уруксат берилди. Журналисттер гана эмес, айтылган маалдан кечикпей келишкен айрым бизнес боюнча серепчилер да ичкери кире албай калышты. 
Өкмөттүн басма сөз кызматынын мындай кылыгын түшүнбөгөн ММК өкүлдөрү нааразычылык билдиришип чыгып кетишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан