Орусиянын "кара тизмесине" киргизилген Кыргыз Республикасынын 11 685 жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. КРнын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 10-сентябрда билдиргендей, жакында дагы 40 миң жаранга уруксат берүү жагы каралууда. Административдик тартип бузуу боюнча айыпталып Орусиядан 3 жылга депортацияланган жарандарга гана уруксат берилип жатканы айтылды. Элчилик Орусиянын аймагында жүрүүнүн эрежелерин бузган кыргыз жарандарынын 2015-жылдын 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз кирип-чыгуу жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып алуусун суранууда.
Федералдык миграция кызматына таянсак, бүгүнкү күнгө карата 8644 жаран мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланышты.