"Бюджеттик ачык-айкындык индекси боюнча акыркы жыйынтык Каржы министрлигинде жетекчи алмашкан кезде бул маселе боюнча ырааттуулук бар экенин айгинелеп турат. Быйыл Каржы министрлиги болжолдуу бюджеттик билдирүүнү, 2016-жылга бюджеттин долбоорун даярдады, азыр 2016-жылга жарандык бюджетти даярдоодо. Учурда бюджеттик ачык-айкындыкты камсыз кылууга карата Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн талаптарын эске алуу менен негизги бюджеттик документтердин форматтарын иштеп чыгууда",- деп билдирет министрлик.
Маалымат үчүн:
Индекс 8 бюджеттик
документтин жеткиликтүүлүгүнөн түзүлөт. Документтердин катарына:
бюджеттик билдирүү, бюджеттин долбоору, бекитилген бюджет, жарандык бюджет,
бюджеттин аткарылышы тууралуу жыл ичиндеги отчёттор, жарым жылдык отчёт, жылдык
отчёт, аудитордук отчёт кирет.