Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы каракчылык жана баңгизат сактоо боюнча эки жаранды издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөөгө алынган жарандардын бири - Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылынын тургуну, 1990-жылы туулган Жунусов Азат Дилшатович. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык" беренесинин негизинде айыпталууда.
Экинчи жаран - Баратов Энвар Малипович, 1982-жылы туулган. Ал Чүй районунун Искра айылынын тургуну. Э.Баратов "баңгизатын мыйзамсыз сатуу, сактоо, алып жүрүү жана жүгүртүү" беренеси боюнча изделип жатат.
Бул жарандар боюнча маалыматы барлар, төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап койсоңуздар: 102, (0312) 61-69-07, (0701) 23-00-33 (Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмү).