Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча жыйын болду

Бүгүн, 10-сентябрда парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында кеңешме өттү. Мекемеден билдиришкендей, жыйында аскер кызматкерлеринин шайлоодо добуш берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү, мөөнөттүү аскер кызматындагылардын документтерин иретке келтирүү маселелери каралды.

Республиканын алыскы райондорундагы чек ара заставаларынын аскер кызматкерлерин кантип шайлоого катыштыруу, аны кандай тартипте уюштуруу керектиги талкууланды. Башкы штабдын Тарбия иштери башкармалыгынын башчысы Бакыт Жапаров, тийиштүү мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды толугу менен өз учурунда аткаруу зарылдыгын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан