Президент Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-сентябрда иш сапары менен Казакстан Республикасынын Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Иш сапардын алкагында президент Астана шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитинин ишине катышат. Кезектеги саммитте өлкөлөр ортосунда түрдүү тармактардагы кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланат. Жыйынтыгында тиешелүү декларацияларга кол коюу пландаштырылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан