Японияда суу каптоодон улам өлкөнүн борбордук бөлүгү жана коңшу аймактары суунун астында калды

Японияда катуу тайфундун жана нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен суу каптап, өлкөнүн борбордук бөлүгү жана коңшу аймактары суунун астында калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.

Маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан улам Осаки шаарын толугу менен суу каптады. "Шаардын 700 тургуну кайыктар менен чыгарылып, дагы 1000и эвакуацияланбай турат. Мындан тышкары Дзёсо шаарында дарыя суулары чегинен чыгып кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, суу каптоодон 1 адам каза таап, 28 адам жаракат алды. Ошондой эле "Тойота Моторс" автоунаа корпорациясынын 3 ишканасында иш токтотулганы белгилүү болду. Жалпысынан өлкөнүн 500 чарчы чакырым аянты суу астында калды. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ өкмөт жабырлануучуларга жардам көрсөтүүдө бардык күчүн жумшаарын билдирди",- деп жазышты массалык маалымат каражаттары.

Комментарийсиз видео: Япониядагы кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
EdikoKG
2015-09-11 10:57:11
Жаман болуптур. Кудай боодо кырсыктан сактасын.
+7
Bek94
2015-09-11 11:01:03
Жүрөк суусун алат го кудай сактасын мындай кырсыктан
+6
maks94.kb
2015-09-11 11:01:46
ээ аллахым озун сактай кор
+3
zaika.tvo9.1990
2015-09-11 11:40:27
Бөөдө кырсыктан сактасын АЛЛАХЫМ
+2
shamilaisan
2015-09-11 12:41:23
Кудай озу сактасын
+3
jypar.i
2015-09-11 13:04:14
Тилсиз жоо деген ушу да,ылайым жерибизди ушундай тилсиз жоодон сактасын:өрт болбосун,суу каптабасын. Кээ бир жерлерде суу жетишпей кагыраган чөл болсо, бул жердеги суунун көлөмүн көр. Кудай сактасын
+2
Talantbek1994
2015-09-11 13:18:38
Аллахым өзү сактасын. Андан башка эч ким жардам бере албайт...
+3
bazar
2015-09-11 19:43:56
япондор мусулман эмес
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан