Жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан өтүү жеңилдегенин айтышууда

Өлкөлөр ортосунда жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан өтүү жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөнүн айтышууда. Бул тууралуу сурамжылоодо белгилүү болгонун бүгүн, 11-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Айдоочулардын айтымында, азыр паспорттук көзөмөлдөн тышкары мурдагыдай кошумча документтер топтому талап кылынбай жатат. Ошол эле учурда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Жүк ташуучуларды жүк ташууда талондун толтурулушу, анын шарттары, талонду толтурбаса же аны жоготуп жиберсе кандай жоопкерчилик каралганы кызыктырууда",- деп билдирет мекеме.

Маалыматка таянсак, 2015-жылдын 12-августунан тартып 10-сентябрына чейин кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында 8107 талон толтурулган, анын ичинен импортко - 4731, экспортко - 3376.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан