Тажик чек арачылары кыргыз жаранын жарадар кылышты

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков аймагында кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары кыргыз жаранына карата ок чыгарышты. Бул тууралуу 12-сентябрда Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны жүк ташуучу унаасы менен кыргыз-тажик чек арасын бойлоп бара жаткан. Унааны байкаган тажик чек арачылары айдоочудан токтоону талап кылышкан. Кыргыз жараны токтобогондо ага карата курал колдонушкан. Натыйжада айдоочу санына жеңил жаракат алган. Кыргыз чек арачылары ага медициналык жардам көрсөтүшкөндөн кийин ал Лейлек районундагы ооруканага жеткирилди. Учурда абалы туруктуу. 

Факты боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elgiz0890
2015-09-12 12:53:29
Жолуканы мн баягы эле толк жок
+9
beka88.88
2015-09-12 13:50:35
Эмнеге биздин границадагы солдаттарда атышпайт тажик жарандарын ушунтип чек араны бузушса
+2
kursantbek
2015-09-12 14:11:23
туура кылат менда атат болчум андай болсо токто деп эскертуу бергенде токтош керек болбосо асманга атат андада болсобо бутка атат туура еле кылган чек арачылар)))
+1
killer-star
2015-09-12 14:26:22
Жолугушат бирок куноо безде болуп чыга келет
0
1982bek
2015-09-12 14:46:39
Эки тараптуу жолугушуу боло берет,андан натыйжа,жыйынттык жок.Бул кошуналар Озбестандан уйронуп алышкан го"кыргыздарды-эмне кылсан чыдай беришет"- деп.Олкобузду чабал,сабатсыз чондор башкарып турганда,мындай корунуштор токтобойт шекилдуу!
+5
Talgat87
2015-09-12 15:16:54
Биздин салдаттар чозмо(камелек) мн журушот.
+2
malywKG
2015-09-12 22:29:01
Биздин жоокерлер тажиктердин жоокерлерине Караганда 5 жыл алдыда алда канча жакшыы журушот (чозмо камелек которбойле)ОК чыгарганга уруксат жок бизде атсан эле асабист,прокурор чукулап кунону сана оодарып эптеп акча алса ошо болбосо канчасы атып жатат тажик озбек ,биздикилер чек араны бузба дештен коркот кой Бир жыл эптеп отсо тыынчле уйго кетип калайн деп....
+1
Beka1986
2015-09-13 04:55:26
malywKG, туура айтасын,бизде мамлекеттин кызыкчылыгын эч ким ойлобой калган.Чондор оздору баш болуп ойлобой атса эл кайда барат.Айла жок да,ар ким озун ойлоп калган.Абдан окунучтуу,абдан.Озуңун менттерин сурак алып атса неге ок чыгардын,адам олтурууну аракет кылдын деп(тажик озбектерге окшоп ок чыгарышса)акчага сатылган баары...
0
Lizazai
2015-09-13 20:07:07
Чозмо кемелек тушундуруп берип койгулачы?Биринчи угушум, урушпай эле айткыла ээ.
0
aibek90
2015-09-14 06:25:38
Ушу [moderated] да тажатыштыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан