16-сентябрь күнү Бишкекте окуучулардын ортосунда ызы-чуу чыгып, 6 бала жабыркап, айрымдары бычактан жаракат алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-сентябрда саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38-орто мектебинин жанында топтошкон балдардын ортосунда мушташ болгону боюнча маалымат түшкөн. Свердлов РИИБинин жетекчилери жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда, ал жерден ар кандай жаракат алган 1999-жылы туулган Ө.Ю. жана 1999-жылы туулган Ө.Д. аттуу окуучулар "Тез жардам" менен №3-ооруканага жеткирилишкен.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүшкөн учурда Аламүдүн-1 кичи районундагы "Магнит" дүкөнүнүн жанынан кызыл ала, канга окшогон эки так табылган. Андан кийин Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Бишкек шаарындагы Мамакеев атындагы ооруканага ар кандай жаракаттар менен 1998-жылы туулган Б.А., 1999-жылы туулган Б.Б. жана 1998-жылы туулган А.Э. жеткирилди" деген маалымат келген.
Жабырлануучулар:
1. Б.А. 1998-жылы туулган, жашаган жери: Учкун жаңы конушу, Бишкек шаарынын №38-орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, бычак ичин кесип, ичегисине сайылган.
2. Б.Б. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, Бишкек шаарынын спорт мектебинин 11-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, башына сокку тийген, төбөсү канап калган.
3. А.Э. 1998-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичи кесилген.
4. Ө.Д. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичине бычак сайылган.
5. Ө.Ю. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичине бычак сайылган.
6. С.Р. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, жаак сөөгү сынган.
Иш боюнча соттук-медициналык жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда бул окуя тууралуу Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.