Москвада 24 жаштагы кыргыз жараны 7-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда полицияга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу кыздын мекендеши ага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерин жасоого ниеттенген. Бирок кыз жигитке тоскоолдук көрсөтүп, батирдин балконуна чыгып, ылдыйкы кабатка түшөм деп 7-кабаттан кулап түшкөн. Жабырлануучу оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Полиция кызматкерлери кызды зордуктоого аракет кылган жаранды кармашты. Тергөө амалдары уланууда.