Өзгөндө жол кырсыгынан жабыркагандардын дагы бири каза тапты (аты-жөнү)

Кечээ, 21-сентябрда Ош облусунда Мерседес-Бенц жана Хонда Степ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусундагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жетиге жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Хонда Степ унаасында отурган 5 адам каза тапты. Алар: айдоочу Жакыпбек Каримов (1960-жылы туулган), Мейман Өмүрзаков (1936-ж.т.), Мырзалы Жаныбеков (1977-ж.т.), Саламат Исакова (1957-ж.т.), наристе Сумая Райымбаева (2015-ж.т.). Ал эми Мерседес-Бенцте отургандардан 2 адам набыт болду: Майсалбек Орунбаев (1970-ж.т.) жана өздүгү аныктала элек 30-35 жаштардагы айым.

Мындан тышкары учурда Өзгөн райондук ооруканасында 4 жабырлануучу медициналык жардам алууда. Алар: Мастура Абдылдаева (1975-ж.т.), Амир уулу Мурадил (1992-ж.т.), Базаргүл Таирова (1975-ж.т.) жана Артыкбай Жусупжанов (1982-ж.т.).

Айта кетсек, аталган кырсык 21-сентябрда саат 10:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында Өзгөн - Кара-Кулжа унаа жолунун 17-чакырымында орун алган. Учурда анын себебин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
stal.ks
2015-09-22 09:51:40
кырсыктын себеби жонундо маалымат жокбу?
0
Sake80
2015-09-22 10:18:20
Жакшы айдабаган айдоочулардын айынан канчалаган адамдар олуп атат.Акырын эле айдашпайбы
0
aksy.koi-tash
2015-09-22 10:38:42
Абдан жаман болуптур айдочулар жол ережесине жакшылап конул буруп айдашса жакшы болмок
0
Altun76
2015-09-22 10:58:39
Жаткан жери жайлуу болсун маркумдардын.
0
bakaiBBBB
2015-09-22 11:37:40
Таксилер айрыкча Ош-Бишкек жолундо 100 120 к/ч кем эмес журушот олуп тирилип бир жумада эки рейс кыла коеюн деп, эми мынтип наристеден бери.................
+2
bolotbai
2015-09-22 11:54:35
Аиий жаман иш болуптур,каза болгондордун бейиши болсун.Кудай сактасын айдоочулар абайлагылачы.Кайсыл жактын адамдары экен,айдоочулары кай жактан,толугураак маалымат жок бекен.
+3
taku88
2015-09-22 15:48:23
Сарыкамыштан 1-Май деген айылдан Мерстеги машинадагы башка жактан К%ара-Кулжага конокко келе аткан
0
Mars55
2015-09-22 15:58:58
степ вагон кыргызды кырып баштадыго
0
asiana
2015-09-22 16:05:45
Озу айыл жергесинде жол эрежеси коп бузулат,машина келатат дегенде 1-2 км алдын жолдун чекесине качып турбасан олдун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан