Жаңыдан төрөлгөн ымыркайды башка адамга таштап кеткен аялдын өздүгү аныкталды

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылындагы үйлөрдүн бирине жаңыдан төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен аялдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу 25-сентябрда Чүй ОИИББинен билдиришти. 

Маалым болгондой, Кемин райондук ички иштери бөлүмүнө Чым-Коргон айылындагы үйлөрдүн бирине бир аял жаңыдан төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган айылга барып, 62 жаштагы П.С. аттуу тургундун үйүнө кирип, уктоочу бөлмөсүндө жаңыдан төрөлгөн уул баланын жатканын көрүшкөн. 

Издөө иштеринин натыйжасында ымыркайдын энесинин өздүгү аныкталып, ал ошол эле айылдын 28 жаштагы Б.А. аттуу тургуну болуп чыккан. Бирок жашаган үйүнүн дареги көрсөтүлгөн эмес.   

Сурак учурунда ал август айынын орто ченинде азырынча аты-жөнү белгисиз адамдан төрөгөнүн айтып, андан кийин Кеминге келип, баланы багууга шарт болбогондуктан, өзүнүн жакынына берүүгө аргасыз болгонун айтып берген. Ал балага Азат деген ысым берилип, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынган эмес.

Бул аракети үчүн ага мыйзам чегинде чара көрүлө турганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан