"Нарын облусунун Кочкор районунда "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" партияларынын мүчөлөрүнүн ортосундагы бычакташуу боюнча маалымат чындыкка туура келбейт. Эгер бычакташуудан улам жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кылмыш иши козголгон болсо, Нарын ОИИБи бул факт боюнча кабардар болмок",- деп түшүндүрүштү SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинен.
Айта кетсек, бүгүн бир катар жергиликтүү басылмалар "24-сентябрда "Республика - Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Азизбек Эсенов "Кыргызстан" партиясынын аталган аймак боюнча өкүлү Бектур Назаров менен уруша кетип, Эсенов Назаровдун ичине бычак сайып салган" деп жазып чыгышкан. Маалыматтарга таянсак, жаракат алгандан улам жабырлануучу ооруканага жаткырылган, анын абалы оор. "Милиция айыпталуучуга карата кылмыш ишин козгоду. Ал "Кыргызстан" партиясынын плакаттарын алып жатканда, Назаров анын аракеттерине каршы чыккан. Мындан улам алардын ортосунда мушташ чыккан",- деп жазышкан ММКлар.