Кечээ, 26-сентябрда Ноокат - Ош унаа жолунда кыргыз эстрадасынын ырчылары
Алтынай Нарбаева жана
Роза Шакирова кабылган жол кырсыгы боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду.
Бул тууралуу
SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.
"Хонда үлгүсүндөгү жеңил автоунаа Ноокаттан саясий партиялардын биринин концертине Ош шаарын көздөй баратып, саат 17:00 чамасында Папан айылындагы бурулуш жерден оодарылып кеткен. Кырсыктан улам аталган артисттер жеңил жаракат алышкан. Алар эч бир укук коргоо органдарына кайрылбай, жергиликтүү медициналык мекемеге барышкан. Биринчи жардам алган соң кетип калышкан",- дешти булактар.
Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда жол кырсыгынын күбөлөрү SUPER.KG порталына аталган автоунаанын айдоочусу аскердик форма кийген бала экенин билдирген.