Улуттук университеттин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы аныкталды

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча факты табылды. Бул тууралуу 28-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ыкчам издөө иштерин жүргүзүүдө аталган окуу жайдын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы мамлекеттик жайды колдонгону үчүн ижара акынын өлчөмүн кемиткенде көрүнгөн. 

2008-жылдан тартып көрсөтүлгөн ЖОЖдун №7-жатаканасынын имаратындагы бөлмө Б.И. аттуу жаранга ижарага берилген. Бирок ЖОЖдун кызматкерлери ижара акынын өлчөмүн эсептөөдө колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен аталган жайды пайдалангандыгы үчүн негизсиз төмөнкү коэффициенттеги эсеп-кысаптарды колдонушкан.

Демилгеленген текшерүүлөрдүн натыйжасында ЖОЖдун Пландык-финансылык башкармалыгы ижара акынын албаган пайдасын жалпы суммасын эсептегенде, 2 миллион 660,1 миң сомду түзгөн. Ошол себептен мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema94
2015-09-28 15:17:54
Мындай нерсе ар бир университеттин жатаканасында бар. "Манаста" гана жок болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан