Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда борбордо катталган бир катар алдамчылык фактыларынын бети ачылганын кабарлады.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 33 жаштагы А.Улукбек кайрылган. Ал апрель айында Мирлан аттуу бала арыздануучунун 18 миң сом акча каражатын алдап алып кеткенин билдирген. Факт боюнча шектүү катары 24 жаштагы С.Мирлан кармалды. Ушундай эле арыз менен милицияга Б.Насыйкат келген. Анын 911 долларын алдап алып кетүүгө шектелип 20 жаштагы Б.Айзада колго түшүрүлдү.