Чүй облусунун Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 28-сентябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Ата РИИБине 30 жаштагы М.Э. аттуу Кең-Булуң айылынын тургуну кайрылып, 21-августта түнкү саат 02:00 чамасында 25-30 жаштардагы 4 белгисиз жаран үйүнө кирип, такталбаган курал менен үй ээсин коркутуп, аны скотч менен ороп, 30 миң сомдон ашуун акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкенин билдирген.
Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Ж. жана А.У. аттуу жергиликтүү эки тургунду кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.