Өкмөт башчы Кара-Көлдөгү 11 жашар окуучу кыздын өлүмү боюнча ишти өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды

Бүгүн, 28-сентябрда өкмөт башчы Темир Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге 25-сентябрь күнү Кара-Көл шаарында киши колдуу болуп көз жумган 11 жашар кыздын өлүмү боюнча тергөө иштерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Сариев Маматалиевге кыздын өлүмүнө шектүү жаран буга чейин 6 ирет соттолуп, төрт жыл мурун камалып, бирок чыгып кеткендигинин себебин да иликтөө тапшырмасын койду.

Айта кетсек, 25-сентябрда саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаардык сейил багынын күн чыгыш тарабынан 2004-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ата-энесинин берген маалыматы боюнча, ал саат 9:00дө Кара-Көл шаардык музыкалык окуу жайына сабакка кеткен экен. 

Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адам кармалып, ал 1980-жылы туулган Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну экени анык болду. Ал буга чейин "уурдоо", "башкага берүү максатын көздөбөстөн, баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү" беренелери боюнча соттолуп, камакта отурган. Бир апта мурун ал түрмөдөн чыккан экен. Тергөөчүлөр аймактагы күрөөканалардын биринен маркумга таандык алтын сөйкөнү табышкан. Мындан тышкары жергиликтүү ашканалардын биринен кыздын уюлдук телефону табылган. Кылмышка шектүү адам сөйкөнү 600 сомго, телефонду 400 сомго саткан экен. Учурда соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bolotbai
2015-09-28 13:39:38
БШК же башка органдар Ош шаарында озбекче жазылган партиялардын чакырыктарына чара корушобу?Бул шайлоо шерменде кылат го мындай журушто.Ушинтип ар улуттун тилинде жаза берсе олкодо бардак болуп кетет го.
+4
balzak
2015-09-28 15:24:32
bolotbai,Кыргызстандын бардык жарандарына кыргыз деп паспорт бериш керек, ошондо улуттар болуно албай,баары кыргыз тилине келишет
+1
bazar
2015-09-28 15:27:45
bolotbai, Бул жакта кыздын өлүмү бойунча сөз болуп жатат.
0
Pantherka
2015-09-28 14:45:22
Алтынын,телефонун алып анан олтурбой койсо болбойт беле?
+3
baba.
2015-09-28 14:47:32
Олум жазасын киргизуу керек тезинен.
+1
12.12.12
2015-09-28 15:05:41
Эсиңерде бар чыгар, 2005-жылдын соңунда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Ал эми 2007-жылдын июнь айында Кылмыш кодексиндеги өлүм жазасына байланыштуу беренелер өмүр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес» деген жобо киргизилген.Андан сырткары, 2009-жылы Кыргызстан «1989-жылдын 15-декабрында БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ошону менен өлкөдө өлүм жазасына биротоло тыюу салынды да калды.
0
Truelensk
2015-09-28 16:06:07
12.12.12,деген жобо байкуш кызга да тиеше тиешелуу да.
0
jake91
2015-09-28 16:08:10
Болотбай туура айтын,жазуусу аз келгенсип ар кайсы райондордо койгон концерттери да озбектин жанагы ушкуругу менен баштап койуп жатышат.
0
Nuriss
2015-09-28 16:15:48
Олум жазасын киргизиш керек мындай айбандарга ушуну колдобогон депутаттарга кееде шектенип кетесин алда ушундайбы деп
+1
jetinur90
2015-09-28 19:53:37
срочно киргизуу керек. Онугуу прогресс айтып жатат,а бирок колунан келерине ишенбейм. А башка партиялар ушул маселени чечуунун ордуна дооруп арнерсени бир суйлойт ташка да керекси3 создорду.
+1
kanat.ozgorush
2015-10-02 13:47:28
Мында ХХХ ХХХ ХХХ керек!
0
admin_superstan
2015-10-02 13:56:52
kanat.ozgorush, провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан