ИИМдин Мамлекеттик атайын коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкеринин жогорку билим жөнүндөгү жасалма дипломду колдонгону боюнча факт табылды. Бул тууралуу 28-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2004-жылдан бери Ички иштер министрлигинин алдындагы мекемеде иштеген А.У. аттуу жаранга кийинки кызматты өткөрүү үчүн жогорку юридикалык билимдин диплому керек болгон. Ал жогорку окуу жайында билим албай туруп, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУну аяктаганы тууралуу дипломду мыйзамсыз сатып алганы аныкталган.
Учурда “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.