Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген эки адамга карата "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Жол-кайгуул кызматынын атайын батальонунун кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан. Саат 05:10до милиция кызматкерлерине эки адам келип, чыр чыгарып, ызылдаша кетишкен. Алардын бири милиция кызматкеринин погондорун жулуп, ур-токмокко алууга аракет жасаган. Андан соң чыр чыгарган адамдар Республикалык наркология борборуна жеткирилишкен. Экспертизанын жыйынтыгында алар мас абалда экени аныкталган.
"Чыр чыгарган 29 жаштагы К.Санатбек жана К.Канатбек убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.